О коронавирусе

Коронавирус тууралуу маалымат

КРнын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдайт: 2020-жылдын 30-январына карата өлкөдө коронавирустун такстыкталган учуру катталган жок. Ысык-Ата аймактык ооруканасындагы 6 адам жашаган жери боюнча андан аркы медициналык кароодон өтүү үчүн жиберилди. 2020-жылдын 30-январына карата бардыгы болуп санитардык-карантиндик пункт аркылуу 14.445 адам кароодон өттү. Кытайдан келгендердин саны – 42 адам (28, 29 январь), алардын ичинен Кыргызстандын жарандары – 24, Кытай жарандары – 18. Баары тең термосканердин (тепловизор) жардамы менен керектүү болгон медициналык процедурадан өтүштү, алардын арасында оорунун белгиси байкалган адам аныкталган жок.

Бүгүнкү күндө Москва районунун аймактык ооруканасында 6 адам, Сокулук районунун аймактык ооруканасында 3 адам бар. Бардыгы тең дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы канааттандыраарлык. Калган 33 адам штабтын чечимине ылайык, жашаган жери боюнча андан аркы медициналык кароодон өткөрүү үчүн жиберилди.

Маалымат үчүн:

2020-жылдын 29-январында Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан коронавирус инфекциясынын орточо белгилери бар деп шектенүү жараткан бейтаптар үчүн үй шартында коопсуз камкордукка алуу жана оорулуу менен байланышта болгон адамдарды жетектөө боюнча сунуштары бар убактылуу нускама алды.

ДССУнун сунуштарынын коронавирус инфекциясынын жеңил түрү бар же симптомсуз деп шектенүү жараткан бейтаптарга медициналык кароо жүргүзүү бөлүмүн жетекчиликке алып, ошондой эле эпидемиологиялык абалдын туруктуулугун эске алуу менен, КР ССМдин “Коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө жана республикага келишинин алдын алуу чараларын кабыл алуу боюнча” оперативдик штабы тарабынан келген адамдардын туруктуу жана убактылуу жашаган жери боюнча медициналык кароо жүргүзүү чечими кабыл алынды. Медициналык байкоо жүргүзүү УМБ, УДТнын кызматкерлери тарабынан инкубациялык мезгил бүткөнгө чейин 10 күн аралыгында жүргүзүлөт. Ухань шаарында болуп кайткан адамдардан башкасы. Ухань шаарында болуп келген жарандар милдеттүү түрдө обсервацияга же ооруканага жаткырылууга жиберилет.

Өткөрүү пункттарында (СКП, убактылуу медициналык пункттар) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек аралары аркылуу коронавирустун өлкөгө киришин жана жайылышын алдын алуу иш-аракеттеринин ырааттуулугу (алгоритми) иштелип чыкты.

Число заразившихся коронавирусом превысило 76 тысяч человек

На сегодня число людей, которые излечились от нового коронавируса в Китае, составляет 18 тысяч 440 человек. Об этом свидетельствуют данные онлайн-карты, разработанной учеными.

Отмечается, что число людей, которые заразились новым коронавирусом в Китае, достигло 76 тысяч 497 человек. За последние сутки количество подтвержденных случаев болезни выросло на 772.

От коронавируса умерли 2 тысячи 247 человек.

Больше всего зараженных в провинции Хубэй, откуда и началось распространение вируса. Там зафиксировали 62 тысячи 442 случая заражения, 2 тысячи 144 умерших и 11 тысяч 778 выздоровевших.

Всемирная организация здравоохранения объявила режим чрезвычайной ситуации из-за распространения коронавируса.

  • Новый тип коронавируса 2019-nCoV обнаружили в конце декабря в китайском городе Ухань. Источником заражения стали животные, которые продавались на местном рынке.

Дүйнөнү дүрбөткөн кытайдын коронавирусу. Коркунучтар жана сактануу жолу

Кытайда жайылган жаңы типтеги вируска чалдыккандардын жана каза болгондордун саны күн санап өсүүдө. Аны жуктургандар (2), Макао (2) и Тайван (1), Таиланд (3), Япония (1), Корея (1), АКШ (1), Вьетнам (2) жана Сингапурдан (2) да табылды.

Оорунун очогу болгон Хубэй провинциясындагы тогуз шаарга кирип-чыгууга убактылуу тыюу салынды. Вирустан каза тапкан 25 кишинин 24ү дал ушул провинциянын жашоочулары болгон. Ошондой эле оорунун очогу делген Хубэй провинциясына жана анын тогуз шаарына (Чиби, Эчжоу, Хуанган, Сяньтао, Чжицзян, Цяньцзян, Хуанши, Эньши жана Сяньнин) кирип-чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул жактарда жалпысынан 29,2 миллион адам жашайт.

Вирус кайдан пайда болду?

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин болжошкон. Окумуштуулардын айтуусунда вирус адамдарга жаныбарлар аркылуу жуккан.

Эмнеси менен коркунучтуу?

Коронавирус — өзүнө отуз эки вирусту камтыйт. Анда камтылган вирустар кеңири жайылган сасык тумоодон тарта, оор-курч респиратордук синдромго («типсиз пневмония») жана ичеги-карындын оорушуна алып келет.

Адамдын клеткасына кирген вирус анын цитоплазмасында көбөйөт. Иммунитетти алсыратып, инфекцияга каршы күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Бирок сасык тумоо сыяктуу бир жумада айыкпайт. Коронавируста типсиз пневмония менен оор-курч респиратордук синдромдун формасы коштогондуктан адам өлүмүнө алып келет. Себеби дарт дем алууну кескин кыйындатат.

Коронавирустун белгилери 1965-жылы байкалган, дал ошол жылы илдетти жуктуруп алды деген шек менен бир адам каттоого алынган. XX кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгон. Бирок анда өтө кооптуу инфекциялардын катарына кирген эмес. 2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov деген түрлөрү жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштаган.

Илдеттин алгачкы белгилери

Коронавирус — кадимки сасык тумоодой болуп башталышы мүмкүн. Жөтөл, ден табынын жогорулашы, дем алуунун оорлошу сыяктуу белгилер менен коштолот. Имунитети төмөн болгон же башка өнөкөт илдети бар адамдар арасында дароо оор формасына өтүп кетүү ыктымал бар экендиги маалымдалат.

Дарттын дабасы иштелүүдө

Азыркы тапта вирустун белгилерин гана дарылоого мүмкүн, ушуга байланыштуу оорудан өлгөн адамдардын саны өсүүдө. Американын окуумуштулары вируска каршы вакцина иштеп чыгууну көздөөдө. Бирок биринчи вакциналар баары туура болсо бир айдын ичинде чыгат же болбосо 2020-жылдын аягында.

Ал арада Россиянын «Вектор» илимий борборунун кызматкерлери коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы түрүн лаборатория шартында диагноздоо үчүн каражатты жети күндүн ичинде иштеп чыккан.

Башка өлкөлөргө коркунуч жараткан вирус

Ушул тапта вирус Гонконг, Макао, Тайвань, АКШ, Япония, Түштүк Корея, Таиланд өлкөлөрүнө жетип, ооруну жуктуруп алган адамдар катталгандыгы тууралуу кабарлар жайылууда. Ошондой эле Улуу Британияда тогуз киши коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деп текшерүүдөн өтүүдө.

Коргонуу чаралары көрүлүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргызстандыктарды тынчтыкка чакырып, чаң салууга себеп жок экенин билдирди. Анткен менен мекеме алдында ыкчам топ түзүлдү. Чек арада көзөмөл күчөп, Кытайдан келген эт жана эт азыктарына тыюу салынды.

Андан кантип сактанууга болот?

Медиктер колду тез-тез жууп, маска кийип жүрүүнү сунушташат. Ошондой эле эл көп топтолгон жерден алыс болуу керектигин белгилешет.

Кытайдан келгендерди тез арада медициналык текшерүүдөн өтүүсүн өтүнүшөт.

Вирус пайда болгон шаарда деңиз азыктары экспорттолгондуктан деңиз азыктарын жана айрым импорттук эт азыктарын колдонбой турган туура.

Фейк маалыматтар көбөйдү! Коронавирус тууралуу билип коюшуңуз керек болгон 6 факты

1. КОРОНАВИРУС ДЕГЕН БУЛ ЭМНЕ?

Коронавирустар — бул латын тилинде Coronaviridae деп аталып, кыргыз тилине которгондо «таажы сымал вирустар» десек болот. Вирустун түзүлүшү таажыга окшош. Коронавирус биринчи жолу тээ 1965-жылы ринит оорусу өтүшүп кеткен адамда аныкталган.


2019-nCoV — бул жогорудагы коронавирустардын түркүмүнө кирет жана аталган аталыш Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму тарабынан белгиленген.

2. БААРЫ КАНТИП БАШТАЛДЫ?

Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Хубэй провинциясына караштуу Ухан шаарында сасык тумоого эле чалдыгып калгандай ооругандар каттала башталган. 31-декабрда кытай медиктери 44 бейтаптын симптомдору бирдей экенин, анын 11инин абалы оор экенин айтышкан. Бирок оорунун козгоочусу белгисиз болуп, бул аралыкта сырдуу тумоого чалдыккандардын саны көбөйө берген. Ал эми бул оорунун биринчи өлүмү 9-январда катталган.


Коронавирустар түркүмүнө кирген вирус экенин аныктоо кечеңдегендиги — бул аталган вирустар адамдарга эмес, көбүнчө жаныбарларга жугары да болгон. Анткен менен кытай медиктери өтө кыска убакыттын ичинде вирусту аныкташканы баса белгиленүүдө. Адатта вирусту аныктоо буга чейин 1 жылга чейин убакытты алып келген. Ал эми кайсы жерден баштап тарагандыгы тууралуу Ухан шаарындагы балык базары деген версия учурда чындыкка жакын болуп жатат. Ооруга чалдыккандардын алгачкылары ошол базардын тынбай барып турган кардарлары же ошол базарда иштеген сатуучулары болуп чыккан. Вирустун кайдан келип чыкканы тууралуу расмий маалымат дале коомчулукка айтыла элек. Божомол иретинде жарганат менен жылан деген версиялар бар.


3. ООРУГА КАРШЫ КЫТАЙДА КАНДАЙ КҮРӨШ ЖҮРҮП ЖАТАТ?

22-январь күнү 11 миллиондон ашуун калкы бар Ухан шаарынан чыгууга тыюу салынып, андагы аэропорттор жана темир жол станциялары жабылды. Коомдук транспорттун да жүрүшү токтотулган. Шаардын тургундарына маска кийүү жана эл топтолгон жерлерден алыс болуу кеңештери берилген. Ушул сыяктуу эле чаралар Ухан шаарына жакын жайгашкан башка шаарларда да көрүлө баштаган. Жалпы Хубей провинциясында жашаган калктын саны 60 миллион кишиден жогору.

Шаарда карантин жарыяланары менен тургундар азык-түлүк
дүкөндөрүн «тазалап» коюшкан.

4. КЫТАЙДАН БАШКА ДАГЫ КАЙСЫ ӨЛКӨЛӨРДӨ ООРУ КАТТАЛУУДА?

АКШ, Япония, Түштүк Корея, Таиланд, Сингапур, Вьетнам, Австралия, Франция, Малайзия, Непалда катталды. Аталган өлкөлөрдө катталган оорулуулардын баары Ухан шаарынан келгендер болуп чыккан. Кытай менен аба каттамдары аркылуу байланышы бар өлкөлөр аэропортто керектүү текшерүүлөрдү киргизишкен. Кыргыз өлкөсү дагы бул абалга карата чара көрө башташты.

5. ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ КАНДАЙ ЖАНА АЛ ДАРЫЛАНАБЫ?

Аталган оору куу келери дал ушунда, анын белгилери кадыреседей эле. Кимдир-бирөөнүн дене табы жогоруласа, кайсы бирине дем жетпегендей болуп, жөтөлүп, тамак оору сыяктуу болуп сезилет. Мындайча айтканда, дарттын биринчи белгисинде ал ОРВИге (курч респиратордук вирустук инфекция) же кадимки эле сасык тумоого окшош болушу мүмкүн. Башында адамдан адамга жукпайт деп жатышкан, бирок 20-январда ооруга чалдыккан адамга жакындасаңыз, жугуп калышы ыктымал экендиги аныкталды. Ушул күнгө карата коронавируска багытталган атайын дарылануу жок. Учурда вакцина иштелип чыгууда.


6. КАНТИП ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ КЕРЕК?

Саламаттыкты сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмунан төмөндөгүдөй кеңештерин берет:

— Колду тез-тез самындап жууп туруу же антисептикалык каражаттар менен колду тазалап туруу;

— Этти, жумуртканы колдонуудан мурун жууп, көп убакытка чейин кайнатуу;

— Жаныбарларды кармоодо, мал азыктарын жегенде этияттык кылуу;

— Жөтөлүү жана чүчкүрүүдө мурунду бет арчы менен жабуу, жөтөлгөн жана чүчкүргөн адамдардан алыс болуу.

26-январга карата коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны 2 миңден ашты, ал эми каза болгон кишилердин саны 56ны түзөт.

Кытайда чыккан коронавирус тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.

Дүйнөнү сестенткен коронавирус. Оорунун келип чыгышы жана сактануу жолдору

Кытайда тараган кооптуу вирус бир нече айдан бери адам өмүрүн алууда. Дарт өлкө провинцияларынан тышкары дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетине жайылып, миңдеген кишинин өмүрүн алууда.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жаңы типтеги коронавирус жана анын себеби, белгилери жана алдын алуу жолдору тууралуу маалымат топтоду.

13-марттагы маалымат боюнча, коронавирус менен ооругандардын саны 134 700гө жетип, 4 973 адам көз жумду. Ал эми сакайгандардын саны 69 642.

«Таажы» атка конушу

Коронавирустар — өзүнө бир чынжырлуу РНК (рибонуклеин кислотасы) молекуласын камтыган тоголок формадагы микроб. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат. Илдет ошол себептен коронавирус деп аталат. Клеткага кирген вирус анын цитоплазмасында көбөйөт. Алар иммунитетти алсыратып, инфекция менен күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Бирок курч респиратордук инфекция (КРВИ) же сасык тумоо сыяктуу бир жумада айыкпайт. Коронавируста типсиз пневмония менен оор-курч респиратордук синдромдун формасы коштогондуктан бейтаптар өлүмгө чейин дуушар болот. Себеби дарт дем алууну кескин кыйындатат.

Таржымалы

Коронавирус менен ооруган алгачкы адам 1965-жылы каттоого алынган. XX кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгон. Бирок өтө кооптуу инфекциялардын катарына кирген эмес. 2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov деген түрлөрү жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштаган.

Оорунун очогу Кытай

Коронавирус узаган жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тарады. Бейтаптардын көбү деңиз азыктарын саткан базарда иштеген. 5-январдан тарта ооругандардын саны өсө баштаган. Ал эми 9-январь күнү гана кытайлык адистер илдетти лабораториядан аныктап, ал коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин аныкташты.

Расмий аталышы — COVID-2019

Коронавируска февралдын башында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-2019 деген аталыш берген. CO – бул коронавирус, VI – бул вирус, ал эми D илдет дегенди түшүндүрөт.

Илдеттин белгиси

Коронавирус бейтап менен байланыш болгондо гана жугат деген божомол бар. Бул илдет белгилери жок өтүшү мүмкүн эмес. Киши ооруну жуктуруп алгандан кийин бир нече күндөн соң байкала баштайт. Башкы белгилери — кургак жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, энтигүү. Мындан сырткары, бейтап чыйрыгып, башы, тамагы ооруйт. Жүрөгү айланып, мурду бүтүп, ичи өтөт. Оору эки жумага созулуп, өтүшүп кетсе, үч аптадан алты жумага чейин уланат.

Адам канчалык жаш болсо, ооруну жуктуруп алуу жана өтүштүрүп жиберүү коркунучу азыраак болот. Азыркы тапта ооруну жуктуруп алгандардын 72,8 пайызы 40 жаштан жогору курактагылар. 19 жашка чейинкилердин ичинен 2,1 пайызы гана бул илдетке кабылган.

Аялдар менен эркектер дартка бирдей эле кабылат. Эгер бул ооруну алты айлык боюнда бар кыз-келиндер жуктуруп алса, ымыркай дени сак эле төрөлөт. Жаңы бойго бүткөндө түйүлдүккө бул вирус кандай таасир этерин айтуу азырынча эрте.

COVID-19 вирусу адамдарга жаныбардан жуккан деген божомол бар.

Дарттын дабасы табыла элек

Учурда коронавирус менен жабыркагандарды сакайтуу жолу так аныктала элек. Дарыгерлер бейтаптарды вируска каршы препараттар менен дарылап жатышат. Окумуштуулар вакцинаны даярдоо кеминде бир жыл убакытты алышы мүмкүндүгүн айтып чыгышкан.

Пандемия жарыяланды

11-март күнү кечке маал Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялады. Адистердин айтымында, пандемия сөзү жугуштуу ооруларга гана колдонулат жана кеселдин жайылышынын масштабын көрсөтүү үчүн пайдаланылат. Тагыраагы, бул оорудан өлгөндөрдүн санынын эмес, жайылыш масштабынын көрсөткүчү.

Ооруну алдын алуу

Россиядагы колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) ооруну жуктуруп албоо үчүн бир катар алдын алуу чараларын маалымдады.

  • Чет мамлекетке барарда эпидемиялык абалды тактап алуу;
  • Жаныбарлар жана деңиз азыктары сатылган базарларга барбоо;
  • Термикалык иштетүүдөн өткөн тамак-аштарды колдонуп, бөтөлкөдөгү суулардан ичүү керек;
  • Зоопаркка кирбөө, жаныбарлар катышкан массалык иш-чараларга баш бакпоо;
  • Дем алуу органдарын коргоо каражаттарын колдонуу (мисалы, медициналык бет кап);
  • Эл көп топтолгон жерден келгенден кийин жана тамак ичер алдында колду таза жууп туруу;
  • Оорунун алгачкы белгилеринде эле бейтапканага кайрылуу керек. Өз алдынча дарыланууга жол берилбеши шарт.

Кыргызстан көргөн чаралар

  1. Кытай менен чек арасын жаап, аба каттамын токтоткон. Мамлекеттик чек арадагы бардык өткөрмө-көзөмөл жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.
  2. Кыргызстан коронавирус катталган өлкөлөрдү үч категорияга бөлдү. I категорияга Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция, Германия жана Испания кирет. II категорияда АКШ, Япония, Швеция, Швейцария, Улуу Британия, Бельгия, Нидерланддар бар. III категорияга Сингапур, Австрия, Дания, Кытайга караган Гонконг, Малайзия, Таиланд, Индия, Бахрейн, Австралия, Греция, Канада, Ирак, Бириккен Араб Эмирлиги, Кувейт, Ирак, Египет, Ливан, Катар, Сауд Аравиясы кирди.
  3. Өкмөттүн алдында эки штаб түзүлгөн. Биринчиси — коронавирусту алдын алуу боюнча штаб болсо, экинчиси — коронавирустун жайылышына байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча штаб болуп саналат.
  4. Өлкө боюнча массалык иш-чаралар токтотулду. Мартта Бишкекте өтчү хоккей боюнча дүйнө чемпионаты, күрөш боюнча Олимпиаданын лицензиялык турнири жана Нооруз майрамы өтпөй калды.
  5. Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган менчик жана жеке автоунаалар, республикалык маанидеги автобекеттер, базарлар, ашкана, мечиттер жана башка жайлар дезинфекцияланып жатат.

Коронавирус Кыргызстанда кантип аныкталарын Sputnik тарткан видеодон көрүңүздөр.

Понравилась статья? Поделиться с друзьями:
Добавить комментарий

;-) :| :x :twisted: :smile: :shock: :sad: :roll: :razz: :oops: :o :mrgreen: :lol: :idea: :grin: :evil: :cry: :cool: :arrow: :???: :?: :!: